Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Араванда бала бакча көйгөйү талкууланууда


Оштун Араван районунда бүгүн бала бакча маселесин талкуулаган жыйын өттү. Ага бийлик, бизнес, жарандык коом өкүлдөрү жана ата-энелер катышты. Айыл өкмөттөрүнүн балансында ачылган бала бакчалардын иши начар болуп, аларды каржылоо маселеси жакшы чечилбей жатканы айтылды. Жолугушуунун уюштуруучусу, Search for Common Ground уюмунун координатору Икбол Исаковдун "Азаттыкка" айтымында, Араванда 31 бала бакча бар. Алардын бирөө жеке менчик, төртөө мамлекеттик бюджеттен түз каржыланат, калганынын баары айыл өкмөттөрүнө карайт. Мына ошолордо маселе көп. Себеби каражат аз. Кыргызстанда бала бакчанын жетишсиздиги соңку жылдары негизги социалдык көйгөйлөрдүн бирине айланган. Мурдагы бала бакчалардын көбүнүн имараты жеке менчикке өтүп, сатылып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG