Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Бишкекте белорус укук коргоочусун колдогон акция өттү


Бишкекте бүгүн белорус укук коргоочусу Алес Беляцкийге колдоо көрсөтүү максатын көздөгөн тынч акция өттү. "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын төрт өкүлү Беларус элчилигинин алдына "Беляцкийге боштондук" деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыкты. Литва жана Польшанын банктарындагы эсебине эл аралык донорлор адам укугун коргоо иштери үчүн чегерген акчадан салык төлөбөй койгон деген айып менен Минск соту Беляцкийди 2011-жылы 4,5 жылга кескен. Адам укугун коргоочу 2003-жылы Беларус өкмөтү кайра каттатпай койгон “Весна” уюмунун башчысы. Евробиримдиктин лидерлери, алдыңкы эл аралык укук коргоо уюмдары ал саясый себептен улам соттолгон деп эсептейт.(RK)

XS
SM
MD
LG