Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи жаңы шайланган Хасан Роуханини алдыдагы төрт жылга өлкө президенти кылып бекитти. Иран Конституциясы боюнча бул расмий салтанат бүгүн Тегеран мечитинде өттү.
Аятолла Али Хаменеи жаңы президенттин бетинен өпсө, Хасан Роухани жогорку көсөмдүн чепкенинин өңүрүн өптү. Хасан Роухани жекшембиде Иран парламентинде ант берет. Бул иш-чарага 52 өлкөдөн сыйлуу коноктор катышат.
64 жаштагы Хасан Роухани Иран Ислам Республикасынын 7-президенти болуп ишке киришет. Ал июнь айында өткөн шайлоодо 50,7 процент добушка ээ болуп, жеңишке жеткен. Шайлоо маалында Иранды тышкы дүйнө менен обочолонуудан чыгаруу үчүн зарыл реформаларды жүргүзүү зарылдыгын белгилеген.