Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Египетте армия башчысы ислам лидерлери менен жолукту


Египеттин куралдуу күчтөр командачысы Абдел Фаттах ал-Сисинин исламчыл топтордун жетекчилери менен жолугушуусу ички чатактарды жөнгөрүү максатында болду. Армиянын өкүлү Ахмед Али билдиргендей, жолугушууда генерал эгер тараптар зомбулукту токтотсо гана маселе чечилерин айтты. Атын атагысы келбеген чиновниктин Франс-пресс агенттигине билдиргени боюнча Сиси алты ислам кыймылынын жетекчилери менен жолугушту, бирок алардын арасында Мурсини жактаган “Мусулман агайындар” кыймылы болгон жок.

Бийликтен куулган президент Мухаммед Мурси “Мусулмандар агайындар” кыймылынан шайлоого катышып, утуп чыккан. Армия бийликтен кулаткандан кийин, Мурсинин тарапкерлери нааразылык акцияларын башташкан. Бир айдан ашуун убакыттан бери тараптардын кагылышуусунан ондогон кишилер өлүп, жүздөгөн адамдар жаракат алды.

Бул аралыкта Каирдин соту Мухаммед Мурси жана “Мусулман агайындар” тобунун эки мүчөсү 25-августта соттолоорун билдирди. Аларга Мурси бийликте турган кезде саясий каршылаштарын өлтүргөн жана кыйнаган деген айып тагылууда.

XS
SM
MD
LG