Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Көксайлыктар өкмөттүк комиссиянын жыйынтыгына нааразы


Бул тууралуу алар бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Айылдын тургуну Эмил Парпиевдин айтымында, өкмөттүк комиссия айыл аймагынан Казакстанга өтүп кеткен 2600 гектарды гана кайтарып алуу боюнча аракет көрүп жатат. Бирок иш жүзүндө 4500 гектардан ашык жер коңшу өлкөгө өтүп жатат. Ошондуктан аталган айылдын тургундары өкмөттөн бул жерди кайтарып алууну талап кылышууда.

Өкмөттөн бул маселе боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов Көк-Сайдын айрым тургундары сөз кылып жаткан 2600 гектар жер боюнча 2000-жылдардын башында чек араны тактоодо келишим түзүлүп, бекитилгенин билдирди:

- Кыргыз-казак чек арасы боюнча келишимге 2001-жылы эле Акаевдин убагында кол коюлган. 2008-жылы парламент ратификациялаган. Эми ал келишимди бузууга да, кайра кароого да болбойт. Мыйзамдык жактан туура эмес. Дүйнө бизди шылдыңдайт. Азыр ошол жерди ижарага алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок жооп боло элек.

Көк-Сай айылынын тургундары 7-июлдан 18-июлга чейин Казакстандын Жамбыл облусуна кетчү сугат сууну бууп турушкан. Алар былтыр күзүндө эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери кабыл алган айылдагы 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга каршы чыгып, мурда Таласка караган жайыт жерлерди кайра алуу талабын коюшкан. (BkA\UEz)

XS
SM
MD
LG