Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

“Ата Журтчу” депутаттардын соту болот


Бүгүн Жогорку Сот “Ата-Журт” партиясынын парламенттеги депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишине байланыштуу Башкы прокуратуранын көзөмөл арызын карайт. Буга чейин сот жараяны эки жолу белгиленип, айыпталуучулардын адвокаттары иш менен таанышуу үчүн убакыт сураганына байланыштуу жылдырылган.

Биринчи май райондук соту “атажуртчу” депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду 1-1,5 жылга кескен. Шаардык сот аларды актап чыгарган. Мындай өкүмгө макул болбогон прокурорлор көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. Башкы прокуратура кылмыш ишинде “тынч митингде курал алып жүргөнү үчүн депутаттар акталууга акысыз” деп маалымдоодо. “Ата-Журт” партиясынын депутаты Талант Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев Баш прокурор белгилеп жаткан айыптоолор далилсиз, куралдар мыйзамдуу деп билдирип келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG