Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Москва: мигранттар лагериндеги кыргызстандыктарды чыгаруу аракети көрүлүүдө


Москвада мыйзамсыз мигранттарды кармоочу лагердин босогосу, 1-август, 2013
Москвада мыйзамсыз мигранттарды кармоочу лагердин босогосу, 1-август, 2013
Кыргызстандын Москвадагы элчилиги ушул тапта кармалган төрт кыргызстандык жаранды чыгарууга аракет кылып жатат. Элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукееванын “Азаттыкка” айтканына караганда, төрт жарандын экөө аял, экөө эркек киши.

Алардын бири (19 жашта) алгач кармалганда ысымын өзгөртүп айтып койгон. Ошондуктан аны чыгарууда азыр кыйынчылыктар түзүлүп жатат. 39 жаштагы экинчи жаранды кафеде иштеп жаткан жеринен эле рейд учурунда башкалар менен кошо кармап кетишкен, ошон үчүн ал документтерин алганга үлгүргөн эмес.

Калган эки аялдын бири 44 жашта, экинчиси 36 жашта. Алар экөө тең Москвадагы мыйзамсыз ачылган тигүү цехинде иштешкен. Өздөрү документтери жайында экенин айтып жатышат, бирок рейд учурунда документтери табылбагандыктан кармалган.

Кулукееванын айтымында, соңку масштабдуу рейд башталган алгачкы күндөрү 11 кыргызстандык жаран кармалганы айтылган. Кийинчерээк айрымдардын документтери такталгандан кийин чыгарылган деди.

"Кармалгандардын экөө документтери туура чыккандыктан бошотулганын айтышты. Бирок азыр мыйзамсыз мигранттар үчүн ачылган лагерге тогуз адам түшпөгөнүн кечээ ал жакка биздин консул барганда тактадык. Ал жерде азыр төрт кыргызстандык жаран кармалууда, демек калгандары да кийинчерээк бошотулган өңдүү", - деди элчиликтин маалымат катчысы.

Анын айтымында, бүгүн да Кыргызстандын консулдук кызматынын өкүлдөрү лагерге барышмакчы. Кармалгандардын аты-жөнү белгилүү, бирок элчилик азырынча алардын документтери такталып бошотулмайын, ысымдарын атабай турууну суранууда. (TD)

XS
SM
MD
LG