Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

ЕККУ Кыргызстанга курал сактоочу кампа куруп берет

Мындай келишимге Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана келишим уюму кол койду. Ага ылайык, эл аралык уюм 2 миллион еврого Кыргызстанга курал сактоочу үч кампа салып бермей болду. Коргоо министрлигинин өкүлү Эрнис Элемановдун “Азаттыкка” билдиришинче, долбоор алкагында кампалар Чүйдүн Кой-Таш, Баткендеги Бужум жана Оштогу Гүлчө айылдарындагы аскер бөлүктөрүнө салынган жатат. Келишимге ылайык, кампалардын курулушу жакынкы айларда башталышы керек.(KE\BkA)
XS
SM
MD
LG