Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Жогорку Сот “Ата-Журттун” үч депутатын күнөөлүү деп тапты


Жогорку Сот “Ата-Журт” фракциясынын үч депутаты Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун иши боюнча чечим чыгарды.

“Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына ылайык, үч депутат жана алардын жансакчылары “бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” деп табылды.

Жогорку Сот Бишкек шаардык соттун депутаттарды актаган өкүмүн толугу менен жокко чыгарды. Камчыбек Ташиевге жана Садыр Жапаровго карата Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, аларды Кылмыш кодексинин 30-беренеси жана 295-беренеси боюнча айыптуу деп таап, 1 жыл 5 айга эркинен ажыратты. Т.Мамытовго жана Ташиевдин үч жансакчысына карата Биринчи Май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды. Райондук сот Т.Мамытовду 1 жылга эркинен ажыраткан.

Үч депутаттын ичинен сотко Талант Мамытов гана катышты.

Былтыр 3-октябрда Бишкекте парламент жана президент отурган имараттын темир тосмосунан ашып түшүп, мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып боюнча сегиз айдан ашуун УКМКнын тергөө абагында жаткан "атажуртчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду 17-июнда Бишкек шаардык соту актап, камактан бошоткон. (ZKo/AKu)

XS
SM
MD
LG