Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Кечээ Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларда чыккан чатак боюнча сүйлөшүү болот


Жергиликтүү элдин, күч кызматтарынын жана бийликтин өкүлдөрүнүн катышуусундагы сүйлөшүү “Радуга” эс алуу жайында болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл районунун акими Раимбек Имангазиев билдирди.

Кечээ кечке маал “Карвен 4 сезон”, “Радуга” эс алуу жайларында чуу чыккан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, чатак пансионаттардын күзөт кызматтары эс алуу жайынын аймагына жергиликтүү элди киргизбей коюшканынан улам чыккан. Жаалданган адамдар пансионаттардын дарбазаларын талкалап салганы айтылууда. Окуяга Ысык-Көл райондук милициясы аралашып, чатак басылды.

“Карвен 4 сезон”, “Радуга” эс алуу жайлары Ысык-Көл районунун Сары-Ой, Чоң-Сары-Ой айылдарынын аймагында жайгашкан. Милициянын маалыматы боюнча аймакта пансионаттардын пляжына жергиликтүү эс алуучулардын киргизилбөөсүнө байланыштуу чатактар көнүмүш адатка айланды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG