Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Тунисте миңдеген киши өкмөттүн отставкасын талап кылып чыкты


Алар бийликтеги “Эннахда” партиясынын кызматтан кетүүсүн талап кылып чогулушту. Каршылык акциялары шейшемби кечинде “Эннахданын” лидери Рашид Кэннучи маалымат каражаттарына “өкмөттү кетирүү акцияларында коюлган талаптар ишке ашпайт” деп айткандан кийин башталды.

Оппозиция демонстрацияда алты ай мурун өлтүрүлгөн солчул Кокри Белайддын жана 25-июлда киши колдуу болгон лидери Мухамед Брахминин сүрөттөрүн алып чыгышты. Булардын өлүмүнө исламчыл кыймылдар айыптуу деп айтылган.

XS
SM
MD
LG