Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:15

"Ата-Журттун" үч депутаты мандатынан ажырайт


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жогорку Сот жакынкы күндөрү “Ата- Журттун” депутаттары боюнча токтомду БШКга жөнөтүшү керек. Токтом расмий түрдө келип түшкөн соң, соттун чечимине негиздеп БШКнын мүчөлөрү депутаттарды мандатынан ажыратуу боюнча токтом чыгарат. Алардын ордуна “Ата-Журт” партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкерлер мандат алмакчы.

Кечээ Жогорку Сот “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду күнөөлүү тапкан.  Ага ылайык, сот былтыр 3-октябрдагы митингде бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен Ташиев менен Жапаровго 1 жыл 5 ай, Мамытов менен Ташиевдин жансакчыларына 1 жылдан жаза мөөнөтүн берди. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды күнөөлүү деп тапса, Бишкек шаардык соту актаган болчу.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG