Буга байланыштуу Айт намазы Бишкекте Эски аянтта болот. Муфтияттын маалыматы боюнча айт намаздын расмий убактысы саат 07:30 - 08:30га чейин. Бишкектеги намазга Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев, бийлик өкүлдөрү катышат. Орозо айт намазы өлкөнүн башка аймактарындагы борбордук мечиттерде да окулары кабарланган.
Кечээ президент менен өкмөт башчы Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктап, тынчтык жана бейпилдик каалаган. Рамазан айынын бүтүшү менен Кыргызстандыктарды ЖК төрагасы, муфтий жана Акыйкатчы институту да куттуктаган.(ZKo)