Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Түркмөнстанда эми “Велосипед майрамы”


Улам бир майрамга маашырланган Түркмөнстанда эмки айда “велосипед тебүү өнөктүгү” өтмөй болду. Аны боло жүргөндөй, өлкө президенти өзү баштап берди.

Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалы өткөн ишембиде көргөзгөн жаңылыкта жашыл желим баш кийимчен, колунда кара-жашыл мээлей, жашыл көз айнек, ак шымчан кычыраган түркмөн президенти таңга маал жеңил машинеден жай түшүп барып, тоодо жүрчү велосипедге минет. Бердымухамедов бул көрсөтмөлүү сапарда жалгыз эмес, аны велосипеддерин даярдап казкатар тизилген, баары бирдей көк күрмө-шымчан, эгиз козудай окшош кийинген өкмөт мүчөлөрү артынан ээрчип коштоп жүрөт.

Түркмөнстандын президенти баш болуп, бардык өкмөт мүчөлөрү уйкусун бузуп, “шайтан арабага” мингени бекеринен эмес, өлкөдө ошону менен “Жолдогу унаалар кыймылынын коопсуздугу жана бакубат жашоо” деп аталган бир айлык өнөктүк башталды.

Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы саамалыгын жарыялап жатып, мамлекеттик телеканалдын диктору: “Велосипед тебүү – калктын жашоосунун кадимки бөлүгү болушу керек. Спорт мектептери башкалаа жана башка жерлерде велосипедчен жүрүүгө ыңгайлуу жол картасын чийип чыгышы керек”, - деп мамлекеттик тапшырманы андан ары чечмелеп жатты.

Түркмөн президенти атайын жарлыкка кол коюп, 1-сентябрда өлкөдө массалык велосипед тебүү күнү өтүп, өнөктүк бир айга созулаарын, ага чейин жарандар жөн жатпай машыгып үйрөнүшү керектигин белгилейт. Радио-телеканалдарда түркмөн жарандарын спорттук иш-чараларга активдүү катыштыруу демилгеси жайылтылып, Бердымухамедов ден соолукту чыңдаган машыгуу-көнүгүүлөрдү - өз башкаруусунун маанилүү бөлүгүнө айландырганына басым жасалат.

Түркмөн президент велосипед тепти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Сентябрды күтүп отурбай, Бердымухамедов телекөрсөтүү үчүн велосипед тепкен 3-августтун эртеси эле ошол жерде жүздөгөн өкмөт кызматкерлери, студенттер “шайтан араба” минип топурап жүрүштү. Ашгабаттык 52 жаштагы Атамурат: “эс алып жүргөн жеримен чакыртып алышты. Велосипедди бекер бергендерине шүгүр. Демейде мамлекеттик иш-чараларга шаймандарды сатып алууга мажбурлашчу эле. Бул жолу бекер бергенине сүйүнүп атабыз”, - деген пикирин “Азаттыктын” кабарчысына билдирген. Атын атагысы келбеген дагы бир өкмөт кызматкери миңдеген велосипеддер чет өлкөдөн ар бири 200 доллардан сатылып келингенин айтат. 3-август жана анын эртеси массалык велосипед марафонуна катышкан мамлекеттик кызматкерлер тердеп-кургап кеч бешимге чейин темир арабанын үстүнөн түшпөй, Түркмөнстандагы 40 градустан ашкан ысыкта кээ бири эси ооп жыгылганы кабарланууда.

Карапайым эл болсо, “жазында миңдеген киши чогулган ат майданда куландан кулап түшкөн президентибиз эми тынчыраак велосипед тебейин деген го” деп тамаша кылышууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG