Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Уралда кармалган мигранттардын ичинде кыргыз жарандары жок


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугунан маалымдашты. Орус полициясы акыркы эки күн ичинде Урал аймагындагы шаарлардын базарларында рейд жүргүзүп, мыйзамсыз мигранттарды кармаган.

27-июлда Москвадагы Матвеевск базарында полицияга кол салуу болгондон бери орус бийлиги келгиндерди катуу текшерүүгө киришти. Москва баштаган ири калааларда, эми аймактарда мигранттарды текшерүү күчөп, мыйзамсыз келгиндер үчүн атайын чатыр лагерлер түзүлдү.

Федералдык миграция кызматы алар мекенине депортациялана турганын билдирди. Жарандык жана эл аралык уюмдар Орусия бийлигинин мигранттарга мамилеси адам укугуна каршы келерин айтып жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG