Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Аскадан учуп жан берген туристтин сөөгү алынып түшүрүлдү


Лейлектин Өзгөрүш айылына жакын тоолордо аскадан учуп каза тапкан швейцариялык туристтин сөөгү жерге түшүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, бейшембиде куткаруучулар тик учак менен алып түшүштү.

5-август күнү Лейлектин Өзгөрүш айылына жакын тоолордо үч турист аскадан түшө албай калганы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат түшкөн. Шаршембиде аталган министрликтин куткаруучулары жана атайын даярдыктагы альпинисттер тик учак менен барып, эки турист куткарылган. Ал эми Мона Клейн аттуу турист учуп кетип, денеси аскада калган. (BkA)

XS
SM
MD
LG