Токтогул районундагы Ак-Жар айылында кечээ түш ченде жааган катуу жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, натыйжада Өзгөрүш айылдык аймагы менен Ак-Жар айылын туташтырган ички көпүрөнү агызып кеткен. Муну менен катар айыл калкын жайлоо менен байланыштырган көпүрөлөргө да залал келген. Учурда көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. (BkA)