Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:23

Машине коюп кеткен журналистке операция жасалат


Ысык-Көлдүн облустук милициясынан кабарлашкандай, бүгүн Балыкчы-Каракол жолунун 32-чакырымында машине уруп кеткен 5 журналист ар кыл даражадагы жаракат алышты.

Маалыматка ылайык, “Де-факто” гезитинин кабарчысы Жакшылык Бердибек уулунун башы жарылып, мээси чайкалган, “Алиби” гезитинин кабарчысы Темирбек Алымбековдун буту сынган, “Жаңы агым” гезитинин кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун бутунун тарамышы үзүлгөн, “Супер-инфо” гезитинин кабарчысы Кубанычбек Сыдыков жана оператору Данияр Чарбеков менен эки жергиликтүү тургун ар кыл жаракат алышкан. Учурда Зайырбек Ажыматовго операция жасалганы турат.

Журналисттер “Ысык-Көл Гран-при” веложарышын чагылдырып жүрүшкөн. Журналисттер жолдун четинде велоспортчуларды тасмага тартып жатканда катуу ылдамдыкта келаткан “Ауди” үлгүсүндөгү машине аларды коюп кеткен. Кырсыкка күнөөлүү делген айдоочу кармалды.

Кырсык боюнча “Ысык-Көл Гран-при” веложарышын уюштуруу тобу да билдирүү таратты. Алар Жол коопсуздугу кызматына катуу ылдамдыктагы машинелерге чечкиндүү чара көрүүгө чакырды. (BkA)

XS
SM
MD
LG