Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Ысык-Көлдөгү автокырсык боюнча экспертиза жүргүзүлүп жатат

Облустук ИИБнын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда автотехникалык экспертиза жүргүзүлүүдө. Анда автоунаанын канча ыламдыкта келе жатканы, техникалык мүчүлүштүктөрү бары-жогу аныкталат. Мурдараак наркологиялык экспертиза тарабынан кырсык болгон учурда айдоочу соо экени аныкталган. Азырынча кырсык боюнча кылмыш иши козголо элек.

10-август күнү Каракол-Балыкчы жолунда “Ысык-Көл Гран-при” веложарышын чагылдырып жүргөн журналисттерди жана дагы эки велосипедченди “Ауди” автоунаасы коюп кеткен. Кырсыктан жабыркагандардын бирөө Бишкекте ооруканада, калгандары үйүнөн дарыланып жатат.(ZKo)
XS
SM
MD
LG