Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Акыйкатчылыкка 17 талапкер арыз берди


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, 12-августка чейин Акыйкатчы болууга Жогорку Кеңештин төрага орун басары Асия Сасыкбаева, укук коргоочулар Нурбек Токтакунов, Рита Карасартова, Акылбек Ташбулатов, Акыйкатчынын орун басары Мухтар Кожошев, жеке адвокат Талант Бапаев, Бишкектин Биринчи май районунун улук прокурору Кубан Адыл уулу, “Элдик патриоттор” кыймылынын жетекчиси Нурлан Мотуев, юристтер Рахатбек Касымалиев, Өмүрбек Рыскелдиев, Илимдер академиясынын кызматкери Чолпон Койчуманова, милиция кызматкери Дилшад Нажимидинов, президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын башкы илимий кызматкери Досаалы Иманбердиев, Чүй облусунун прокурорунун орун басары Рыскул Бактыбаев, “Интербилим” уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева, Жогорку Кеңештин кызматкери Токторбек Ашыркул уулу, “Самамед” медициналык борборунун кызматкери Тыныбек Ажымаматов арыз беришти.

27-июнда парламент Турсунбек Акунду акыйкатчылыктан алуу чечимин кабыл алган. Бул орунга сынак жарыялап, 15-августка чейин талапкерлерден документ кабыл алынары бергилүү болгон. Жаңы акыйкатчы сентябрь айында тандалмакчы. Бирок Турсунбек Акун парламенттин бул чечими мыйзамсыз экенин айтып, Бишкек шаардык райондор аралык сотко кайрылды. Бул чечимди жокко чыгаруу боюнча соттун алгачкы отуруму 16-августка дайындалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG