Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

Түлеевдин адвокаты шаардык сотко доо арыз менен кайрылды


Бул тууралуу анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев “Азаттыкка” кабарлады. Адвокат анда Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүнүүдө. Шаардык сот арызды качан карай баштаары азырынча белгисиз.

29-июлда Бишкектин Ленин райондук соту борбор калаанын мурдагы мэри, ЖК депутаты Нариман Түлеевди үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен күчөтүлгөн режимге 11 жылга эркинен ажыраткан. Сот экс-мэрди Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деп тааныган болчу. Ошондой эле Түлеев менен кошо соттолуп жаткан мэриянын кызматкерлерине да айып тагылып, 5-10-13 жылга чейин эркинен ажыратылган. Түлеев өзүнө чыгарылган өкүмдү «саясий чечим» деп баалаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG