Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:03

Бишкекте бюджет боюнча коомдук угуу өтүүдө

Бүгүн Бишкекте 2014-жылкы бюджеттин долбоору боюнча коомдук талкуу өтүп жатат. Коомдук талкууга ар кыл тармактагы 1500ге жакын эксперттер, адистер, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү катышууда. Бүгүнкү талкууга премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана финансы министри Ольга Лаврова катышып, бюджеттин долбоору тууралуу маалымат беришмекчи. Талкуу эки күнгө созулат. Анда эксперттер ар кыл тармак боюнча топ-топ болуп бөлүнүп, кийинки жылдын бюджетинин долбоорун талкуулашат. Коомдук талкуудан соң бюджеттин долбоору өкмөттүн кароосуна жөнөтүлөт.

2014-жылдагы бюджеттин кирешеси 90 миллиард сом, чыгаша 109 миллиард сом деп эсептелүүдө. Кийинки жылы бюджетте 18 миллиард сомдун тегерегинде тартыштык болот деп болжолдонууда.(BkA)
XS
SM
MD
LG