Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Столтенберг шайлоо өнөктүгүн таксист катары баштады


Норвегиянын премьер-министри Йенс Столтенберг жашыруун такси айдоочу болуп алып, Осло шаарында жүргүнчүлөрдү  ташыды. Столтенберг катарындагы Жумушчулар партиясы жекшемби күнү жарыялаган видеотасмада айрым жүргүнчүлөр такси айдоочу  премьер-министр экенин тааныган учурлар көрсөтүлөт. Столтенбергдин айтымында, мындай амалды “калк эмне каалаганын билүү максатында” жасаган. Жумушчу партиясынын өкүлү премьер-министрге таксист болууга реклама компаниясы көмөктөшкөнүн  маалымдады.  Норвегияда парламенттик шайлоо 9-сентябрда болот. Сурамжылоолорго караганда, көпчүлүк эл  Жумушчу партиясына караганда оппозициядагы Консервативдүү партияны көбүрөөк колдойт. (AU)

 

XS
SM
MD
LG