Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Баткен коогасында каза болгондор эскерилди


Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты. Эскерүү иш-чарасы кечээ Баткен шаарында болуп өттү. Анда коога учурунда каза болгондор эскерилип, эстеликке гүлчамбар коюлду. Министрликтин маалыматына караганда, 2000-жылы 11-августта Баткенге кирип келген террористтер менен бетме-бет кармашып, андан бир нече жоокер мерт кеткен.

Кыргызстан,Тажикстан жана Өзбекстандын чектешкен жеринде орун алган Баткен облусунун аймагына 1999-жылы экстремисттик уюмдардын куралдуу тобунун кол салуусу болуп, элди катуу дүрбөлөңгө түшүргөн болчу. Ошол окуядан жыл узабай Баткен аймагына 700гө чукул куралдуу согушчандар экинчи ирет кол салган. Анда 30 кыргыз аскери курман болуп, ондогон жоокерлер жараат алышкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG