Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Аба ырайы: чукул эскертүү


Чукул эскертүү:

12-14-августта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы:

13-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, айрым жерлерде күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29 градус ысыйт. Таласта түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28 градус ысык болот. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 27...32 градуска чейин көтөрүлөт. Баткенде түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29 градус ысыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 17...22 градуска жетет. Нарында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25 градуска чейин ысыйт.

Борбор калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 16...18, күндүз 25...27 градус болот.

XS
SM
MD
LG