Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:57

Бишкек: Жол кайгуул кызматкерлери сынак тапшырууда


Бүгүнтөн тарта Бишкек шаарынын Жол кайгуул кызматында бош турган кызмат орундарына сынактар башталды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат борборунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бош турган 70 орун үчүн 51 талапкер арыз берген. Алар атайын жана спорттук даярдык боюнча да сынак тапшырмакчы.

Буга чейин Жол кайгуул кызматында иштегендер республикалык аттестациядан өткөн. Андан 200гө жакын кызматкер талапка жооп бербейт деген негизде кулаган. Бирок өтпөй калгандар сынакта коррупциялык иштер болгонун айтып, Жол кайгуул кызматынын жетекчилигин күнөөлөп чыккан болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG