Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Мурдараак Өзбекстандагы кыргыз элчилиги маалымат таратып, дипломат Канатбек Шаршенбек Ташкендин “Тез жардам” кызматкерлери менен кайым айтышканын, бирок анын сөзүндө айрым маалымат каражаттары жазып жаткандай улутка бөлүү болбогонун маалымдаган. Элчилик сайттардагы туура эмес маалыматтар эки өлкөнүн достук мамилесине доо кетирүүнү каалаган күчтөрдүн атайын чагымы деп эсептейт.
Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкери баласы ооруганына байланыштуу “Тез жардам” чакырган. Кармана албай дарыгерлерге катуу сүйлөп койгон дипломат кийин алардан кечирим сураган. Окуянын чыныгы чоо-жайы Канатбек Шаршенбек Тышкы иштер министрлигине келгенде териштирилип, аныкталмакчы.
Өткөн апта соңунда айрым сайттар Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкери мас абалында чыр чыгарды, дарыгерлерди улутуна карап кемсинтти деп жазып чыгышкан.(ZKo)