Батыш Иорданда жана Чыгыш Иерусалимде жөөттөр үчүн 1000ден ашуун турак-жай курулсун деген чечим Вашингтонду кабатыр кылып жатканын АКШ мамкатчысынын өкүлү Жен Псаки билдирди. Америка бийлиги Тель-Авивдин бул чечими Израил-Палестина мамилесин сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгөрүү жаңы эле жолго салынып жаткан учурда чыгып жатканын колдобойт.
АКШнын демилгеси менен үч жылдан кийин кайра жанданган эки тараптуу сүйлөшүүлөр шаршембиде уланмак.
АКШнын демилгеси менен үч жылдан кийин кайра жанданган эки тараптуу сүйлөшүүлөр шаршембиде уланмак.