Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Нигериялык экстремисттер мечитке чабуул койду


Нигерия өкмөтүнүн билдиришинче, ислам экстремисттери Нигериянын түндүк чыгышындагы Кондуга шаарындагы мечитке жекшемби күнү кирип барып, 44 намазгөйдү атып кеткен. Динзарларды атып кеткендер "Боко Харам" тобунун экстремисттери экени айтылат. Бийликтердин айтымында, мечитке кол салуу Нигерия армиясынын ислам экстремисттерине каршы согушуна жардамдашуу үчүн жарандардын ыктыярдуу түзүлгөн топторунан өч алуу болушу ыктымал. Ислам экстремисттери Нигерия өкмөтүнө каршы 2009-жылдан бери партизандык согуш жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG