Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды. Анда президент бул жылдагы бюджеттин аткарылышын, кийинки жылдагы бюджет долбоору тууралуу маалымат алды. Алмазбек Атамбаев 2017-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн стратегиясынын максаттарына ылайык, бюджеттеги тартыштыкты азайтуу жана инфляцияны алдын ала айтууга жетишүү керектигин билдирди.
Финансы министрлигинен маалымдашкандай, 2014-жылдагы бюджеттин кирешеси 90 миллиард сом, чыгаша 109 миллиард сом деп эсептелүүдө. Кийинки жылы бюджетте 18 миллиард сомдун тегерегинде тартыштык болот деп болжолдонууда.(BkA)