Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:52

Кыргызстан өткөрмө бекеттердин жабылышы боюнча Өзбекстандан түшүндүрмө талап кылды


Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат борборунан кабарлашты. Анда аталган кызмат Өзбекстандын чек ара кызматына “Достук” жана “Кадамжай” өткөрмө бекеттерин эки өлкө ортосундагы келишимди бузуу менен жапканын билдирген. 2004-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, кайсы бир өлкө чек арада чектөө киргизүүдөн 5 күн мурда дипломатиялык каналдар аркылуу коңшу өлкөгө эскертиши керектиги көрсөтүлгөн. Бирок Өзбекстан мындай эскертүү жиберген эмес. Буга байланыштуу Чек ара кызматы Өзбекстан бул боюнча түшүндүрмө талап кылып, келишимди аткарууга чакырып жатат.

Кечээтен тарта Өзбекстан Оштогу "Достук" жана Кадамжайдагы "Кадамжай" өткөрмө бекеттерин жапкан. Муну коңшу өлкө 1-сентябрда белгиленчү эгемендик майрамына карата деп түшүндүргөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG