Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Казакстандык эки студент өздөрүн күнөөсүз деп эсептешет


Бостондогу жардыруу үчүн айыпталып жаткан казакстандык студенттер өздөрүнө тагылган айыпты моюнуна алышкан жок. Бостондогу марафон учурунда болгон жардырууга катышы бар деп айыпталып жаткан Диас Кадырбаев жана Азамат Тажаяков шейшембиде сотко алып келинди. Эгер аларга тагылган айыптар
далилденсе, экөөнү 20 жылдан ашуун эркиндиктен ажыроо жазасы күтүп турат.

Казакстандын эки жараны, 19 жаштагы Диас Кадырбаев менен Азамат Тажаяков укук коргоо органдарына тоскоолдук жаратып, Бостон шаарындагы жардырууга тиешелүү буюмдарды жоготкон деген негизде айыпталууда.

15-апрелде Бостон шаарында марафон маалында болгон жардырууда үч киши набыт болуп, ондогон кишилер жараат алган. Кадырбаев менен Тажаяков жардырууну уюштурган деп шектелип, абакта отурган Жохар Царнаевдин коллежде бирге окуган теңтуштары болгон. Жардыруудан кийин эки казак жигит Царнаев жашаган бөлмөдөн жарылуучу заттар салынган баштыкты, компьютерди алып чыгып таштандыга ыргытышкан. Царнаевдердин кичүүсү Жохар абакта жатат, ал эми агасы Тамерлан болсо полиция менен атышууда жан берген.

XS
SM
MD
LG