Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Нарын: 4 окуучу каза болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иш козголду


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (Жол коопсуздук эрежелерин бузуу менен бир нече адамдын өлүмүнө алып келген кырсыкка себепкер болуу) боюнча иш козголду.

12-августта Нарын-Баетов унаа жолунда “Гольф 2” үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка кабылган. Анда 16 жаштагы өспүрүм таякесинин машинесин уруксатсыз айдап чыгып, жол четиндеги даракты сүзгөн. Кырсыктан автоунаа ичиндеги Нарын шаарындагы №8 орто мектептин 10-классынын 4 окуучусу мерт кеткен. Эки окуучу жаракат алып, Нарындагы ооруканага жаткырылды.(BkA)

XS
SM
MD
LG