Дагы эки миңден ашуун адам жаракат алганын өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Өлгөндөр арасында 43 полициячы бар. Ал эми Мурсинин тарапкерлери курмандыктардын чыныгы саны алда канча көптүгүн айтууда.
Шаршембиде Каирде чатыр лагерлерде нааразылык билдирип отурган миңдеген кишилер күч менен таратылды. Кагылыштар ошондой эле Александрия, Аль-Миния, Ассиут, Ал-Файюм жана Суец шаарларында да өттү. Египеттин ички иштер министри Мухаммед Ибрагим мындан ары чатырдагы нааразылык акцияларына жол берилбесин айтты:
-Өзгөчө абал жарыяланган соң, полиция менен башка куралдуу күчтөргө биргелешип иштөөгө мүмкүндүк түзүлдү. Мындан ары эч кандай нааразылык акцияларына жол берилбейт
“Мусулман агайындар” кыймылынын эки лидери: Мухамед ал-Балтаги менен Ассам ал-Ариан камакка алынышты. Египет бийлиги бир айлык өзгөчө абал жарыялады, Каир жана дагы он шаарда коменданттык саат киргизилди. Бул арада Египеттин вице-президенти, Нобел сыйлыгынын лауреаты Мухамед ал-Барадей отставкага кетерин жарыялады.
АКШ мамкатчысы Жон Керри Египеттеги күч колдонууну сынга алып, жаңжалды өзгөчө абалы жок эле чечүү жолдорун табууга чакырды.