Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 18:33

Базар-Коргон: мурдагы акимге козголгон кылмыш иш сотко өткөрүлдү


Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мурдагы акимдин милдетин аткаруучу Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (Жер мыйзамын бузуу) боюнча айыпталып жатат. Анда мурдагы аким өзүм билемдикке салып, район аймагындагы жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берген.

Бул боюнча ишти Жалал-Абад облустук прокуратурасы иликтеп бүтүп сотко өткөрүп берди. Учурда иш Базар-Коргон райондук сотунун өндүрүшүндө турат.(BkA)

XS
SM
MD
LG