Кара-Суу шаарындагы Сабиров атындагы орто мектептин директору 1-класска окуучу кабыл алуу үчүн пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Директор баланы мектепке кабыл алуу үчүн ата-энесинен 10 000 сом өлчөмүндө пара сураган. Окуя 14-август күнү болгон. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси – паракорлук боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (SE)