Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Багдадда бомба чабуулдары 9 кишинин өмүрүн алды


Бүгүн таң эртелеп Ирактын борбору Багдаддын ар кайсы бөлүгүндө удаа-удаа бомба чабуулу болду. Бир бомба ордо шаардын мыкты кайтарылган жана элчиликтер жайгашкан “жашыл зонасында” жарылды. Бомба чабуулдарынан бери дегенде 9 киши өлүп, 30дан ашык адам жараат алганы маалымдалды. Апаат болгондордун саны дагы көп болору айтылууда. Эки бомба чабуулу Багдаддын шиит калктуу бөлүгүндө, үчүнчүсү шииттер менен сунниттер аралаш жашаган райондо болгон. Жыл башынан бери Иракта бомба чабуулдарынан 3 миңден ашуун адамдын каны төгүлдү.

XS
SM
MD
LG