Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Коомдук уюмдар Үркүн үчүн Орусиядан кун талап кылууну сунуштады


Кыргызстандагы бир катар уюмдар 1916-жылдагы Үркүндү Орус падышалыгынын кыргыз элине геноциди катары таанууну талап кылышууда. Алар мындай резолюция кабыл алып, президентке, премьер-министрге, Жогорку Кеңешке жөнөтүштү.

Демилге көтөргөндөрдүн бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдырасаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, резолюцияда: 2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөө, Үркүнгө арналган 100 метрлик айкелди Бишкекте тургузуу, бул окуяны чагылдырган тасма тартуу жана үркүндү Орус падышалыгынын кыргыз элине геноциди катары баалоо сыяктуу пункттар камтылган. Булардын арасында Үркүн маалында каза болгон жарандардын урпактарына кун төлөтүү маселеси да бар.

Резолюцияга ”Үй куруучулар”, “Эл үчүн” партиялары, “Ашар” кыймылы баштаган 20га жакын уюмдардын өкүлдөрү кол койгон.

1916-жылы Кыргызстанда падышалык Орусиянын басымына каршы эл көтөрүлүп, тарыхчылардын эсебинде 200 миң чамалуу киши кырылган. 2008-жылы Жогорку Кеңеш август айынын алгачкы жумасын Үркүн курмандыктарын эскерүү күнү деп расмий жарыялаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG