Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Атамбаев саммитте темир жол курууну сунуштады


Түрк тилдүү мамлекеттердин Азербайжандагы саммитинде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев түрк тилдүү мамлекеттердин ортосуна темир жол курууну сунуштады.

Президент мындай ири долбоор аркылуу боордош өлкөлөр ортосундагы байланышты бекемдөөгө боло турганын билдирди. Ал эми казак президенти Нурсултан Назарбаев түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы туризмди өнүктүрүү үчүн атайын топ түзүү демилгесин көтөрдү.

Бүгүн Азербайжандын Габала шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу кеңешинин үчүнчү саммити башталды. Анда уюмга кирген мамлекеттер ортосундагы эркин соода аймагын түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланып жатат.(BkA\AKu)

XS
SM
MD
LG