Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Украина Орусиядан буудай импорттогонго тыюу салды


Анын алдында Орусиянын бажы кызматы Украинадан ташылчу бардык товарларды чек арадан өткөрүү жобосун катаалдантканы маалымдалган. Украинанын ветеринардык жана санитардык кызматы бейшемби күнү маалымдаганга караганда, малдын шарп ылаңына байланыштуу Сибир, Түндүк Кавказ жана Түштүк федералдык округунан буудай ташуу токтотулган.

Шаршемби күнү Украинанын ишкерлер союзу - Орусиянын бажы кызматы украиналык бардык импортёрлорду ишенимсиз камсыздоочулардын тизмесине кошуп салганын билдирген эле. Орусиялык керектөөчүлөрдүн укугун көзөмөлдөөчү “Ростпотребнадзор” агенттигинин башчысы Геннадий Онищенко Украинаны Европа Биримдиги менен эркин соода келишимин түздүрбөө үчүн Москва Киевге соода согушун ачты деген кабарды жума күнү калпка чыгарды.

XS
SM
MD
LG