Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Хосни Мубарактын соту 25-августка жылды


Бүгүн Каирдеги сот отуруму башталаары менен эле судья отурумду кийинкиге калтыруу чечимин окуду. Египеттин мурдагы президенти Мубаракты жана соттолуп жаткан башка адамдарды өлкөдөгү соңку тополоңдун айынан сотко алып келишкен деле жок. Экс-президентти 2011-жылкы массалык демонстрацияларда “элге ок аткан” деп айыптап жатышат. Азыр ал Каирдеги “Тора” түрмөсүндө кармалууда. Дал ушул түрмөдө Мубаракты эки жыл мурун бийликтен кулатууга катышкан “Мусулман агайындар” кыймылынын жетекчилери да кармалып турушат.

XS
SM
MD
LG