Кытайдын түндүк-чыгышында жайгашкан Хэйлунзцян провинциясындагы суу каптоодон кеминде 37 адам набыт болду. Мамлекеттик маалымат каражаттары муну региондогу ондогон жылдардан берки эң оор жаратылыш кырсыгы деп аташууда. Ондогон кишилердин дайыны белгисиз. Провинциядагы 2500дөн ашуун үй толугу менен бузулган, 140 000дөн ашуун киши башка жактарга көчүүгө аргасыз болду. Бул кырсык өлкөнүн экономикасына 1,15 млрд.доллардын тегерегинде чыгым алып келди.