Армениянын президенти Серж Саркисян Азербайжанда быйыл октябрда өтө турган шайлоодо азыркы президент Илхам Алиев жеңгени “Тоолуу Карабак проблемасын чечкенге эң жакшы болмок” деп билдирди. Серкисяндын айтымында, азыр азери коомунда “Арменияны жек көрүү сезимин” жоготууга Алиевде шансы көбүрөөк. Ошон үчүн ортодогу талаштуу Тоолуу Карабак региону боюнча жаңжалды чечүүгө Алиевдин президент болуп турганы жакшы болмок деп билдирди армян президенти.
Азербайжандын негизинен армяндар отурукташкан Толуу-Карабак региону 1990-жылдардын башындагы согуштан кийин де-факто көз карандысыздыкка ээ болгон. Расмий Баку болсо “непада сүйлөшүүлөр оң натыйжа бербей турган болсо, регионду күч менен болсо да кайтарып алаарын” эскерткен.
Илхам Алиев октябрдагы шайлоодо кайрадан жеңет го деп күтүлүп жатат. Дүйнөдө адам укугун коргоочу уюмдар өкмөттү азыр шайлоо алдында жарандык коомго, эркин медиага жана оппозиционер саясатчыларга кысым күчөгөнү үчүн айыптап жатышат.