Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

“Өнүгүү” партиясы Кара-Сууда чыр чыкканын тастыктады


Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын Кара-Суудагы өкүлү Тыныч Мамаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн түш ченде партиянын өкүлдөрү менен Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестик чыккан. Мындан соң Социал-демократтар партиясынын өкүлү Мунар Райымбеков аларга каршы ок чыгарган.

Андан “Өнүгүүнүн” бир мүчөсү жараат алып, ооруканага түштү. Ал эми “Өнүгүү” партиясы өкүлдөрү бул чырда партиянын кишиси КСДПнын өкүлүн бычактады деген маалыматты четке кагышууда.

Ал эми Социал-демократтар партиясынын парламенттеги фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бул окуя азырынча териштирилип жатканын, кийинчээрек маалымат таратылаарын "Азаттыкка" билдирди.

Бүгүн Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо учурунда чыр чыгып, ок атылган. Андан эки адам жараат алып, ооруканага жаткарылды. (BkA)

XS
SM
MD
LG