Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү завод августтун соңунда ишке кирет


Бул тууралуу Кара-Балтадагы “Жунда” мунай иштетүүчү заводдун жетекчиси Чжу Чан өткөн апта соңунда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушкан учурда билдирди. Ал заводдо сыноо иштери жүргүзүлүп, мунай иштетүүгө даярдыктар көрүлгөнүн кошумчалады.

Премьер-министр инвесторлор менен сүйлөшүү учурунда заводдон чыккан даяр продукция республиканын ичинде гана сатылууга тийиш экендигин белгиледи.

“Нефтинин ар бир партиясы лабораториядан текшерүүдөн өтүп, тиешелүү тастыктамага ээ болушу керек. Эгерде заводдо 1 миң адам эмгектенсе, анын 80 пайызы Кыргызстандын жараны болушу абзел”, - деди Сатыбалдиев.

Аталган завод бир эле учурда 32 вагондон чийки мунай төгүп, кайра ошончосуна ар түрдүү маркадагы бензин менен дизел отун куюу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анын курулушуна жалпысынан 360 млн. доллар сарпталды. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Кыргызстан күйүүчү майдан Орусияга көз каранды. Адистер Кара-Балта жана Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводдор ишке кирсе абал кыйла жеңилдейт деп жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG