Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:15

Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек ара кызматташтыгы талкууланат

Эртең, 20-августта өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Тажикстанга расмий иш сапары менен барат. Өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун “Азаттыкка” айтымында, Сатыбалдиев Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов жана президент Эмамоли Рахмон менен жолугушат. Анда негизинен кыргыз-тажик чек ара кызматташтыгы талкууланат. Өкмөт башчы Дүйшөмбү шаарында өтө турган аймактык суу маселесине арналган конференцияга да катышмакчы.

Кыргыз-тажик чек ара аймактарында чыр-чатактар быйылкы жылы күч алганы байкалууда. Соңку окуя 11-августта катталган. Баткендин Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Мачаи айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Таш бараңдын натыйжасында Көк-Таш айлынын бир тургуну жаракат алган. (КЕ)
XS
SM
MD
LG