АКШ жана Түштүк Кореянын аскерлеринин ар жылы бир ирет чогуу өткөрчү машыгуусу башталды. АКШ тараптын билдиришинче, манёвр 30-августка чейин уланат. Биргелешкен машыгуу Корея жарым аралыгындагы кырдаал оңоло түшкөн жагдайда өтүүдө.
Демейде бул аскердик машыгууну өзүнө кол салууга даярдык деп баалаган Түндүк Кореянын маалымат каражаттары манёвр тууралуу кенен маалымат бербегени айтылууда.
Мурунку жумада Түндүк жана Түштүк Корея орток өнөр жай паркын кайра ачалы деп макулдашкан. Жекшемби күнү Пхеньян 1950-53-жылдардагы өз ара согушта бөлүнгөн үй-бүлөлөрдү бириктирүү боюнча сүйлөшүүгө макулдугун берген.