Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:08

Саламаттыкты сактоо министрлиги сарыктан сак болууну эскертти


Министрлик мындай эскертүүнү жайкы каникул жана эс алуу мезгили аяктап бара жатканына байланыштуу жасады. Санитардык көзөмөл департаментинин башчысы Төлөн Исаковдун айтымында, быйыл күздө сарык илдетинин көрсөткүчтөрү көбөйүп, же азайып кетерине эч ким кепилдик бере албайт. Бала-бакчаларда жана мектептерде балдардын нормадагыдан көптүгү тобокелчилик жаратууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебинде, былтыр тогуз айда Кыргызстанда сарык боюнча тогуз миңдей учур катталган, мунун 90 пайыздан ашууну илдеттин А түрүн жуктургандар болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG