Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Мубарак түрмөдөн ушул аптада бошонушу мүмкүн


Мубарак сотто. 15-апрель, 2013-жыл.
Мубарак сотто. 15-апрель, 2013-жыл.
Сот тармагындагы расмий өкүлдөрдүн айтымында, Каирдин соту Египеттин мурдагы президентинен коррупция боюнча айыпты дүйшөмбү күнү алган.

Мубарактын адвокаты ал эми абактан эки-үч күндө чыгат деп күтүп жатышканын билдирди. Өзү мурдагы президенттин үстүнөн бир нече кылмыш иши козголгон эле.

Мубарак былтыр аны бийликтен кулаткан 2011-жылдагы ыңкылап учурундагы демонстранттардын өлүмү үчүн өмүр бою түрмөгө кесилген. Бирок быйыл кийинки инстанциядагы сотто демонстранттарга ок атылганы үчүн тикелей күнөөсү жок деп табылган.

Мубарак ошондой эле мыйзамсыз кирешелери үчүн да айыпталган. Бирок адвокаты бул маселе тез эле чечилет деген ишенимде турганын белгиледи. Мубарак менен кошо анын эки уулу да мамлекет каражатын уурдады деген айып менен камакта олтурат. Кабарларга караганда, сот алар иши каралганга чейин камакта болот деген чечим чыгарган. (UE)

XS
SM
MD
LG