Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

“Гардиан” Сноуден берген маалыматты жок кылууга мажбур болду


Бул тууралуу гезиттин башкы редактору Алан Расбрижер кабарлады. Анын айтымында, маалымат бар дисктер атайын кызматтын эки мүчөсүнүн катышуусунда жок кылынды. Расбрижердин айтымында, Сноуден берген материалдарга негизделген макалалар чыккан соң, гезиттин кызматкерлери британ бийликтери тарабынан кысымга алынган.

Американын атайын кызматтарынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден америкалык жашыруун программаларды ашкерелеген маалыматты "Гардиан" гезитинин журналистине берген.

АКШнын жашыруун программалары тууралуу “Гардиан” гезитине алгачкылардан болуп макала жазган журналист Гленн Гринвалддын түгөйү Дэвид Миранда жекшембиде Британиянын "Хитроу" аэропортунда кармалып, 9 саат сурак берип чыккан. АКШ Миранданы кармоону Британиядан өтүнгөнүн четке какканы менен, анын кармалары тууралуу маалымат келип түшкөнүн тастыктап жатат.

XS
SM
MD
LG